КР БбжИМ 10.09.2024-ж., №1404/1 буйругун жүзөгө ашыруунун алкагында КМТУдагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата иш-чаралардын планына ылайык университетте 2023-2024-окуу жылында «Мамлекеттик тилде даярдалган окуу-илимий эмгектер» сынагынын жыйынтыгы 5 номинация (ректордун 07.10.24-ж., №1/210 буйругу): «Мыкты окуу китеби», «Мыкты окуу куралы», «Мыкты усулдук колдонмо», «Мыкты илимий макала», «Мыкты видеосабак» боюнча чыгарылып, жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Анын ичинде биздин кесиптешибиз доцент Асаналиев Таалайбек Маликович "Евразиялык экономикалык биримдигинин шартында бажы жол-жоболорун колдонуу" аттуу окуу китеби менен КМТУнун 1-даражадагы Диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Сизге бекем ден-соолук жана кесиптик ишиңизге кажыбас кайрат каалайбыз! Алдыда дагы биздин студенттер үчүн ушундай эмгектерди жарата бериңиз!

